«Соттун кызматкери эмес». Соттон УКМК кармаган жаран тууралуу маалымат беришти

Өзгөн райондук сотунун кызматкери алдамчылык фактысы боюнча кармалганын УКМКдан билдиришкен.

Ош облустук соту маалымат таратып, кармалган жарандын жумушуна байланыштуу тактоо киргизди.

«Кармалган адам сот имаратын оңдоп-түзөөдө иштеген жумушчу жана мамлекеттик кызматкер эмес. Сотто каралып жаткан иштерге киришүүгө мүмкүндүгү жок. Ошону менен бирге биз республикада мамлекеттик органдарды сот бийлигинин кадыр-баркына көлөкө түшүргөн адамдардан тазалоого багытталган ишке берилгендигибизди ырастайбыз»,- дешти.