Милиция SuperTV телеканалынын кабарчысы Бактурсун Жоробековду ур-токмокко алып, тоноп кеткен шектүүнү кармаганын билдиришти.
27-октябрда журналист белгисиз адамдарга карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган. Анда 26-октябрда саат 23:00 чамасында борбор калаанын көчөлөрүнүн биринен физикалык күч колдонуп, ачык түрдө 10 миң сомдук “Самсунг галакси J2” уюлдук телефонун жана 3 миң 500 сом өлчөмүндөгү накталай акчасы бар капчыгын тартып алышып, белгисиз тарапка качып кетишкенин айткан. Аталган факты Ленин РИИБге катталып, 206-берене (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.
Кылмышка шектелип, 2000-жылы туулган жаран кармалып, Ленин РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилген. Андан соң камакка алынды. Соттун чечими менен Бишкек шаарынын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандалды. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан экинчи шектүүнүн дарегин аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам-иликтөө жана издөө иш-чаралары улантылууда.
26-октябрда Бишкекте SuperTV телеканалынын кабарчысы сабалган. Кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүндүгүн жазганбыз. 27-октябрда ал Ленин РИИБге арыз менен кайрылган. Милиция шектүүлөрдү издеп баштаган. Ал ошол эле күнү кечинде ден соолугуна байланыштуу ооруканага жаткырылган. 9-ноябрда ооруканадан чыккан.
Посмотреть эту публикацию в Instagram