SuperTV телеканалынын кабарчысын сабагандарды милиция издеп жатат

SuperTV телеканалынын сабалган кабарчысы Бактурсун Жоробеков Ленин РИИБге арыз жазды. Милициядан редакцияга факты каттоого алынганын, издөө иштери башталганын билдиришти.

Бүгүн, 27-октябрда Ленин РИИБге Бактурсун Жоробеков кайрылып, аны кечээ, 26-октябрда саат 23:30 чамасында Некрасов менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде физикалык күч колдонуп, анын 10 миң сомдук телефонун жана 3500 сому менен капчыгын тартып алып, качып кеткенин билдирген.

Аталган факты каттоого алынып, каракчылык менен кылмыш иши козголгон. Учурда кылмышка шектүүлөрдү аныктоо иштери жүрүп жатат. Тергөө уланууда.

Буга чейин SuperTV телеканалынын кабарчысы сабалганын, кол салуу анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүндүгүн жазганбыз.