Таласта 14 жаштагы кыз зордукталган. Бул тууралуу Талас ОИИБден билдиришти.
Маалыматка караганда, милицияга 16-март күнү Талас районуна караштуу Арал айылынын 1958-жылы туулган тургуну арыз менен кайрылган. Анда 27-январь күнү саат 14:00 чамасында Талас районунун Арал айылынын тургуну 2009-жылы туулган небересин ак түстөгү унаасында күч колдонуп зордуктаганын билдирген. Аталган факты боюнча зордуктоо беренеси менен кылмыш иши козголгон. Алдын ала текшерүү учурунда шектүүнүн аты-жөнү такталып, Арал айылынын 2001-жылы туулган тургуну экени аныкталып, ал кармалды.