Талас облусунда Бакай-Ата районундагы 16,5 га көлмөнү райондук сот аткаруучу, райондук салык кызматынын башчысы жеке ишкерге 874 500 сомго арзан баалап, мыйзамсыз сатып жиберишкен. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 11-февралда Талас балык чарба мамлекеттик ишканасына тийиштүү, Бакай-Ата районундагы Күмүштак айыл өкмөтүнө караштуу Боо-Терек айылында жайгашкан жалпы аянты 16,5 гектар (№1 сандуу) көлмө соттун чечими менен аукцион аркылуу мыйзамсыз сатылганы аныкталган.
Аукционду мыйзамсыз уюштурган шектүүлөр Бакай-Ата райондук сот аткаруучу 1974-жылы туулган Ш.А.Ж., Бакай-Ата райондук салык башчы, 1962-жылы туулган Ж.Б.Н., көлмөнү мыйзамсыз сатып алган жеке ишкер, 1969-жылы туулган Ч.М.А. Талас облустук ИИМдин убактылуу кармоо жайына 1 айга камакка алынышты.