Талас облусунун Бакай-Ата айыл аймагында жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилген 95,5 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелерин мыйзамдаштыруу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«Бакай-Ата айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси А.О. 2009-2024-жылдар аралыгында акчалай сый акы үчүн 163 бирдик айыл чарба багытындагы («сугат айдоо» категориясындагы) трансформацияланбаган 95,9 гектар жер тилкелерин жеке менчикке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берилгендиги аныкталган», — деп жазылат билдирүүдө.
Бул факты боюнча ушул жылдын 10-февралында Бакай-Ата айыл аймагынын жер маселелери боюнча адиси кармалды. Шектүү Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда УКМК тарабынан жогоруда аталган мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка кызматкерлерди аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.