Таласта милиция кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды (видео)

Талас облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Талас облусунун аймагында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, пара алып жаткан жеринен Талас облусунун ички иштер башкармалыгынын кайгуул-күзөт кызматынын кызматкери милициянын сержанты кармалды. Ал системалуу түрдө Талас районундагы соода түйүндөрүндө иштеген ыктыярчылардан акча каражатын алып турган. Учурда жогорудагы фактыларга тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.