Бишкекте Токмок шаардык кеңешинин депутаты Чолпон Сыдыкова суракка алынды. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазып чыкты.
Анын айтымында, аны борбор калаанын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү Руслан Бердибаев суракка алган. «Мен биздин жарандар жана мен тарабынан аныкталгандардын бардыгына түшүндүрмө бердим. Токмок шаардык кеңешинин депутаттары Анарбек Маликов менен Кайрат Чокеевди жеке мен аныктадым. Алар суракка алынат деп үмүттөнөм», — деп жазган ал.
Буга чейин соцтармактарга видео тарап, анда Токмок шаардык кеңештин депутаты Чолпон Сыдыкова Текебаевге кол салуу учурунда тартылган видеодон Токмок шаардык кеңештин депутаты Анарбек Маликов экенин тааныганын айткан. Кийинчерээк ИИМдин башчысынын орун басары депутатат айымдын суракка чакыртылганын айткан.