Токмокто тапанча менен коркутуп, карактаган жарандын кылмышы видеого түшүп калган

Токмокто ок атуучу курал менен каракчылык кылууга шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

12-январда Токмок ШИИБге 2002-жылы туулган жаран кайрылган. Ал өз арызында 11-январда болжол менен саат 19:00 чамасында Токмок шаарындагы автобекеттин өтмөгүндө аны тапанча менен коркутуп, карактап кеткенин билдирген.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, 1992-жылы туулган жаран кармалды. Андан тапанча табылган.