«Тынч эле Канадага кетүүгө даярмын». Теңгиз Бөлтүрүк Садыр Жапаровдон ырайым сурады

Абакта отурган «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу Теңгиз Бөлтүрүктүн 14-февралда президентке жазган катын анын жактоочусу Кайсын Абакиров 27-февралда Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

«Кадырлуу Садыр мырза, менин алдымда сиз койгон милдеттерди жана жоопкерчиликти толугу менен канааттандыргыдай аткара албай койгонума сизден чын жүрөктөн кечирим жана ырайым сурайм. Жумасына 75-80 сааттан иштесең да, баары бир толук «Кумтөрдүн» жана Улуттук холдингдин ишинде кесиптештерди көзөмөлдөгөнгө жалгыз үлгүрбөдүм. 20 жылдан ашык «Кумтөрдө» терең жана жакшы уюштурулган коррупция схемаларды толук жойгонго жалгыз алым жетпеди. Мен үчүн бул турмуштук чоң сабак болду. Бирок сизге сөз бергендей өзүм ошол схемаларга аралашкан жокмун, пара алган жокмун жана сиздин абийириңизди түшүрүп же саткынчылык кылып уятка түшүргөн жокмун. Эч качан кылбайм. Азыр сиз гана менин адилеттикке жана ырайымдуулукка үмүтүмсүз жана ишенимичимсиз. Эгерде дагы эле мага ишенсеңиз сизге чынчыл жана ишенимдүү турдө жардам берүүгө даярмын. Колумдан көп жакшы нерселер келет. Эгер мен өкмөттөгү кимдир бирөөгө тоскоолдук кылып жатсам, тынч эле Канадага кетүүгө даярмын. Азыр баары Кудайдын жана сиздин колуңузда, өзүңүз туура чечим кабыл аласыз деп ишенем», — деп жазды ал.

15-сентябрда «Кумтөрдүн» мурдагы тышкы башкаруучусу 2 айга УКМКнын тергөө абагына камакка алынган болчу. Ал Башкы прокуратура тарабынан кармалып, коррупцияга шектелүүдө.