Түптө үйгө кирип, үй-бүлөнү коркутуп, акча талап кылгандар кармалды (видео)

Түп районунда ишкерлерге каракчылык менен кол салган жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

31-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун Түп айылында саат 05:00дө жергиликтүү тургундардын үйүнө белгисиз адамдар кирип барышкан. Беткапчан белгисиз эки адам терезеден үйгө кирип, андан кийин үйдүн 39 жаштагы кожоюну менен анын 37 жаштагы жубайынын денесине залал келтиришкен. Куралчан кылмышкерлер алгач аял жүргөн бөлмөгө кирип, акча талап кылып сабай башташкан. Бөлмөгө кирип келген жолдошунун башына темир буюм менен бир нече жолу уруп, байлап коюшкан. Андан кийин, алар бычак менен коркутушуп, аялдан жана анын жашы жете элек уулунан акча, баалуу буюмдарын талап кыла башташкан.

Жабырлануучулар коркконунан сейфтин ачкычын берген, бирок бул аларга жетишсиз болуп, дагы акча талап кылышкан. Кылмышкерлер сумкадагы акча каражаттарды жана уюлдук телефондорду да ээлеп алышып, белгисиз тарапка качып кетишкен. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин 2-бөлүгү (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында шектүүлөр Бишкек шаарынын аймагында кармалды. Кармалган жарандардын бири 1988-жылы туулган Б.Р. жасалма документ жасагандыгы үчүн Орусиянын аймагында издөөдө жүргөнү жана экинчиси 1987-жылы туулган О.Ф. мурда соттолгон деген маалыматтар бар. Экөө тең Түп районунун тургундары болушат. Алар Түп РИИБге жеткирилип, сот тарабынан аларга карата эки айга камакка алуу боюнча чечими чыкты. Тергөө иштери жүрүп жатат.