Жекшемби, 19.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР

Сокулукта балдарынын көзүнчө сабалган келин. Акыйкатчы үн катты

15:11 01.11.2024
0
Сокулукта балдарынын көзүнчө сабалган келин. Акыйкатчы үн катты

ИЛЛЮСТРАЦИЯ

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева өзгөчө тынчсыздануу менен мамлекеттик органдарды үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткан 22 жаштагы келин укуктарын коргоону камсыз кылууга чакырды.

“Сокулукта жаш келин ур-токмокко кабылып ооруканага түштү. Мыкаачылык анын балдарынын көз алдында болгон. Мындай зөөкүрлүк, кылмыш жазасыз калбашы керек. Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын-алуу жана балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жаатында тез чаралар көрүлүшү зарыл”, — дейт Акыйкатчы.

22 жаштагы келин зомбулукка кабылгандыгы боюнча маалымат түшүшү менен Институттун кызматкерлери Акыйкатчынын тапшырмасы менен ооруканага барып, жабырлануучудан кабар алышты. Зомбулук 29-октябрга караган түнү болгон. 22 жаштагы аял 29-октябрь күнү Тез жардам кызматы менен ооруканага жеткирилген. Сокулук райондук оорукананын директору Эркинбек Осмоналиевдин маалыматында, жабырлануучунун абалы орточо оор. “Жаш келин катуу сабалган, денесинин баары көгала, гематома. Санында учтуу нерсе менен кесилген жаракат бар, андан тышкары мээси чайкалып, чапталган тырмактары жулунган. Баш мээ менен бөйрөктүн ур-токмоктон жабыркашына дагы шек бар, аны томографиянын жыйынтыгы көрсөтөт”, — дейт дарыгер.

Институттун кызматкерлери жабыркаган аялдын апасы менен дагы сүйлөшүштү. Анын айтымында, кызы 16 жашында турмушка чыккан. Күйөөсү менен жакында эле миграциядан кайтып келишкен. “Буга чейин күйөөсү кол көтөргөнүн билбейм. Бирок “апаңа зыян тийгизем, жада калса өлтүрүп да коем” деп шантаж кылып, коркутуп жүрчү экен”, — дейт аял.

Үй-бүлөнүн эки кызы бар: алты жана үч жашта. Алар учурда апасынын туугандарында. Таенеси неберелери зомбулукка күбө болгонун айтат. “Кыздарынын көзүнчө аялын сабап, кыйнап, анын баарын видеого тартыптыр”, — деп аял кейийт. Жабырлануучунун апасы күйөө баласына катаал жаза берүүнү талап кылат. “Мен азыр кызымдын гана ден соолугун ойлоп турам. Күйөөм балам өз колу менен жасаганын керт башы менен тартып, жазадан кутулуп кетпеши керек”, — дейт ал.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
Эдита Ильясова

Эдита Ильясова

Окшош

УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
12:42 18.04.2026
0

16-апрелде УКМК жана ИИМдин Ички иликтөө кызматы менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунун Сокулук РИИБинин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн...

Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Милиция кызматкерлеринин кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:40 17.04.2026
0

Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматына 2000-жылы туулган Э. уулу Э. аттуу жарандан анын кармалышына катышкан милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттери...

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

УКМК Ош мэриясындагы жасалма тендерге байланыштуу коррупциялык схеманы аныктады

Автор СЕРЕП МЕДИА
11:24 17.04.2026
0

Кылмыш ишин иликтөөнүн жүрүшүндө УКМК Ош шаардык мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктады....

91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

91 миллион сомдон ашык салыкты мыйзамсыз эсептөө аныкталды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:46 17.04.2026
0

Башкы прокуратура тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүдө салык органдарынын кызмат адамдары «Б» ЖЧКга карата салыктык текшерүү жүргүзүүдө мыйзам талаптарын одоно бузгандыгы аныкталды....

Чүй облусунда 5 жаштагы кызды сүзүп кетүүгө шектелген айдоочу кармалды

Чүй облусунда 5 жаштагы кызды сүзүп кетүүгө шектелген айдоочу кармалды

Автор СЕРЕП МЕДИА
10:42 17.04.2026
0

14-апрелде саат 19:35те Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнө Сосновка айылында болгон жол кырсыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул факты каттоого алынып, окуя...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Клёкнер: «Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат»

Клёкнер: "Германия Борбор Азиядагы өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан менен кызматташууга өзгөчө көңүл бурат"

12:54 18.04.2026
Спортчуларга стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берилди

Спортчуларга стипендия төлөө тартиби боюнча жаралган талкууларга байланыштуу түшүндүрмө берилди

12:47 18.04.2026
УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

УКМК: Сокулукта милиция кызматкерлери пара менен кармалды

12:42 18.04.2026
Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

Баткен облусундагы жол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкери Бишкекке жеткирилди

11:33 19.04.2026
Текебаев: «Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды»

Текебаев: "Марлен «неудачный госперевороттон» кийин төрагалыкка шайланды"

11:23 19.04.2026
Садыр Жапаров: «Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу»

Садыр Жапаров: "Биздин стратегиялык максат – Кыргызстанды Борбор Азияда виртуалдык активдердин жана Web3 технологияларынын регионалдык хабына айлантуу"

11:10 19.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү