Түштүк магистралдагы жол кырсыгы боюнча кылмыш иши козголду

Түштүк магистралда болгон жол кырсыгы фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу 21-августта Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин маалыматы боюнча, жол кырсыгы 20-августта саат 18:26да болгон. «Porsche Boxster» үлгүсүндөгү унааны 31 жаштагы С.А.аттуу жаран башкарып бара жаткан. Ал рулду башкара албай калып, бетон бордюрга, ошондой эле темир мамыга урунган. Натыйжада унаа оодарылып, айдоочу каза болгон.

Кырсык болгон жерге Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери жана тергөө-ыкчам тобу барган. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгында белгиленгендей, укук коргоо органдарынын кызматкерлери дароо курчоо орнотуп, аймакты лента менен тосушкан.

Бул факт Жазык кодексинин 297-беренеси (Жол кыймылынын коопсуздугун жана автотранспорт каражаттарын эксплуатациялоо) боюнча КЖБРге катталган. Кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында экспертизалар дайындалды.

Ошондой эле, милиция окуянын күбөсүнүн байкоосуна комментарий берди. Басма сөз кызматы Милициянын кайгуул кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн видео тартуу кийин тергөө учурунда колдонулушу мүмкүн экенин түшүндүрдү.

«Жазуулар болгон кырсык тууралуу кененирээк көрсөтө алат», — деп кошумчалашты милициядан.