УКМК кибер алдамчылык боюнча мыйзамсыз аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча системалуу иштердин жүрүшүндө Бишкек шаарында, жетекчилери Казак жарандары болгон Колл-борбордун иштеп жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Колл-борбордун кызматкерлери Кыргыз жана Казак жарандарын биологиялык активдүү кошулмаларды жана тиричилик техникасын сатып алууга көндүрүү максатында системалуу түрдө психологиялык таасир тийгизип, андан соң алардын ишенимине ээ болуп, кардарларды лотерея билеттерин сатып алуу зарылдыгына ынандырышкан, анда белгилүү бир эсептерге акча каражаттарын которгондо утушка ээ болуу мүмкүнчүлүгү бир нече эсеге жогорулай тургандыгы айтылып, бирок аталган борбор тиешелүү салык органдарында каттоодон өткөн эмес жана лотерея өткөрүүгө лицензиясы жок болгон. Ошондой эле операторлор «Baribarda» тутумун пайдаланышканы (алыскы чалуулар үчүн IP-Телефония) аталган «Колл-борбордун» бардык серверлери жана маалымат базалары Казакстандын аймагында жайгашканы аныкталган.
«Колл-борбордун» ишинде мамлекеттер аралык уюшкан кылмыштуу схеманы камтыган белгилери бар, ал байланыштын заманбап каражаттарын жана финансылык пайда табуу максатында жарандардын аң-сезимин манипуляциялоо ыкмаларын колдонот, ошондой эле бул схеманын курмандыктарынын басымдуу бөлүгү улгайган курактагы адамдар болгондугун белгилей кетүү керек. Жүргүзүлгөн тинтүү иш-чараларынын натыйжасында «Колл- борбордун» 43 кызматкери (анын ичинен 4 жашы жете элек) кармалып, УКМКга жеткирилген, уюмдун ишине тиешеси бар 43 уюлдук телефон, 78 ноутбук жана ар кандай документтер алынган. Учурда тергөө иштери улантылып жатат.
20-майда Орусиянын Забайкал крайындагы Карымское кыштагында болгон жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын жарандары каза болгондугун ТИМ билдирди. Алдын ала маалыматтарга...
Ысык-Көл районунда мыйзамсыз аңчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, сотко өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБден билдиришти. 11-февралда Ысык-Көл райондук ички...
Мыйзамсыз акча жүгүртүүнү уюштурган Кыргызстандын жарандары кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Аталган жарандар "цыганская почта " деп аталган акча каражаттарын...
Коомдук жайда заара кылган жаран аныкталды. Бул тууралуу Биринчи Май РИИБден билдиришти. 19-май күнү социалдык тармактарга белгисиз жаран коомдук жайда...