УКМК тарабынан Конституциялык соттун төрагасы жана башка кызмат адамдары тарабынан кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу, ошондой эле мыйзамдарды одоно бузуу фактылары аныкталды.
Тактап айтканда, Конституциялык соттун төрагасы жана башка жетекчи кызмат адамдары өздөрүнүн кызматтык ыйгарым укуктарын мамлекеттин кызыкчылыгына каршы пайдаланып, Конституциялык соттун судьяларынын чет өлкөлүк иш сапарларына арналган чакыруу каттарын жашырып, аларды өздөрүнүн жеке кызыкчылыгына, ошондой эле чет өлкөлүк сапарларга жакын туугандарын чыгаруу максаттарына пайдаланышкан. Бул фактылар боюнча УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгүндө (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) каралган кылмыштардын белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Баңгизат колдонуу жана сактоо фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Ысык-Көл облусунун тургунунун арызынын негизинде баңги каражаттарды колдонуу/сактоо...
Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын жаак-бет хирургиясы бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. УКМК Кыргыз Республикасынын министрликтеринде...
Жазаларды аткаруу кызматынын кызматкерлери тарабынан абактарда жана тергөө изоляторунда кармалып турган жарандарга тыюу салынган нерселердин киришине бөгөт коюу жана аныктоо...
Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан денеге келтирилген оор жаракаттын натыйжасында адам өлүмүнө алып келген шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек...
Чүй облусунда жогорку мамлекеттик кызмат адамдарынын атын жамынып, өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык менен шугулданган жарандар кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИБден...