Экстремисттик материалдарды таратуу фактысы боюнча Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
«18-февралда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренеси (экстремисттик материалдарды таратуу) менен кылмышка шектүү кармалды. Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Буга чейин журналисттин кармалганын анын жубайы билдирген болчу.