УКМКнын кызматкерине пара берген жаран Алайдагы жер тилкесин мамлекетке кайтарып берди
Ош облусунун Алай районундагы мурда сүт-товар фермасына таандык болгон жер тилкесин менчиктештирүүдөгү тартип бузуулар аныкталып, мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
"Буга чейин жер тилкенин ээси УКМКнын кызматкерине текшерүү иштерин" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/ukmk-kyzmatkerine-para-berip-jatkan-jerinen-alai-raionunun-turgunu-karmaldy/"> токтотуу үчүн пара берип жаткан учурда кармалган. Көрүлгөн чаралардын натыйжасында, сүт-товар ферманын жер тилкесинин ээси бул мүлккө ээлик кылуунун укукка жатпагандыгын түшүнүп, жогоруда белгиленген жер участогун өз ыктыяры менен мамлекеттин балансына кайтарып берди", - деп жазылат маалыматта.
Аталган жер тилкеси 1995-жылы бир катар мыйзамдарын бузуу менен жеке менчикке чыгарылгандыгы аныкталган.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="275021"]