Социалдык тармактын колдонуучулары Бишкектеги жол кырсыктын видеосу менен бөлүшүп жатышат.
Видеонун автору чырдан кийин аял күйөөсүнөн унаа менен качып кетүүгө аракет кылганын, бирок күйөөсү Хонда Фитке жармашып алганын айткан. Аял унааны айдаган бойдон чоң жолго чыккан.
Видеодон көрүнгөндөй, аял унааны башкара албай калып, унаанын үстүндөгү киши менен арыкка кирип кеткен. Кырсыктын кесепетинен киши унаадан оодарылып, дубалга тийген. Бирок бул ордунан туруп, аялынын артынан чуркоого тоскоол болгон эмес. Окуяга күбө болгондордун кийлигишүүсүнө чейин ал аялды бир нече жолу чапканга жетишкен. Окуя кандай аяктаганы азырынча белгисиз.
Милиция маалымат бере элек.
Эскертүү: Видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.
Видеонун автору ким? Бул авариянын бирден бир себепчиси ошол өзү экен. Эмнеге жетип барды артынан, эмнеге шашылыш сигналын берди?! Сигналдын кандай түрлөрү бар экенин ачык айтайын көбү билбейт, мал сымал колдонушат. Сигнал басканда эмне пайда болот эле? анчалык пайда кылгысы келсе жанына айдап барып суранбайбы токтоп коюшун. Бардыгы акылдуу бардыгы эле патриот болуп кетишет, галдир баштар, тимеле жакшылык кылып атканын көргөзгүсү келип турушат баары эле.