Викрам Рузахунов казак милициясынан 61 миллион тенге кенемте сурады

Викрам Рузахунов Казакстандык милиция кызматкерлеринен 61 миллион тенге (10,1 миллион сом — 16-декабрдагы курска карата) кенемте сурады. Бул тууралуу казак медиалары жазды.

Маалыматка ылайык, Алматы облусунун Карасай районунда 2022-жылдын январь окуясындагы кыйноолор боюнча сот өтүп жатат. Музыканттын адвокаты Елена Жигаленок сотто коргоочусунун ден соолугуна келтирилген зыянга моралдык жана материалдык кенемте катары ишинен бошотулган алты милиция кызматкерлеринен 61 миллион тенге сурады.

2022-жылдын 7-январында Алматыдагы башаламандыкта кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов кармалган. Аны ошол кездеги милиция кызматкерлери сабап, башаламандык үчүн акча алганын айткан видео тартып алган. Ал бошотулгандан кийин кыйноого кабылганын айтып чыккан. Музыканттын алган жаракаттарын соттук-медициналык эскпертизанын жыйынтыгы далилдеген болчу.