2023-жылдын 16-декабрында Ысык-Көл облусунун Кара-Ой айылынын 20 жаштагы тургуну асынган абалда табылган.
Милиция маалымат таратып, 16-декабрда саат 21:10 чамасында милицияга Кара-Ой айылынын тургуну өз үйүндө жанын кыйганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине барган милиция кызматкерлери 20 жаштагы жигиттин жансыз денесин табышканын билдирген. «Жансыз денени кароо учурунда аркандын тагынан башка так болгон эмес. Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Анын жыйынтыгы менен чечим чыгарылат», — дешкен. Кечээ, 12-февралда маалымат беришип, шектүү катары 26 жаштагы жигит кармалганын билдиришти.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги каза болгон 20 жаштагы жигит — Байэль Рысалиевдин апасы Айнура Жапарова менен байланышып, уулу асынган жерден кат табылганын билдик. «Уулум 16-декабрда каза болгон. 6-февралда кылмыш иши козголду. Ортодо канча убакыт атасы экөөбүз чындык чыгар бекен деп жүрдүк. Үйдө баары эле жакшы болчу. Атасы 15-декабрда эмгек өргүүгө чыккан. 16-декабрдан тарта үйдө оңдоо иштерин жасап баштамакпыз. Анткени уулум жазында үйлөнмөк. Ошол күнү мен эжем менен апамды карап, үйгө келсем, эшиктин алдында телефон карап отуруптур. Үйгө кирдик. Мешке от жагып коюптур. Мен видео чалуу менен сүйлөшүп жаткам. Жакын келип, алар менен учурашты. Телефонуна чалуу келип, чыгып кетти. Ошол менен уулум келген жок. Кыздан (сүйлөшкөн кызы) чалуу келип, эшикке чыгып, карасаңар деп калды. Сарайга чуркап барып, чечип, алып калганга аракет кылдык. Болгон жок. Уулум акыркы күндөрү жаныбыздан чыкпай калган», — деди ал.
Ошондой эле апасы эксптертизанын жыйынтыгы чыга электигин айтты. «Кечээ, 12-февралда шектүүнүн бөгөт чарасы каралып, 2 айга камакта калтырылды», — деди ал. Уулу үйдөгү бир туугандардын экинчиси болгон.
Ысык-Көл ОИИбден билдиришкендей, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү) боюнча кылмыш иши козголгон. «Учурда бардык керектүү тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө. Кылмыш ишинин тергөө жүрүшү Ысык-Көл РИИБдин жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынды. Кылмыш иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат берилет. Учурда шектүү делип Чолпон-Ата шаарынын 26 жаштагы тургуну кармалып, камалды», — дешти.
СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги экинчи тараптын версиясын угуп, чагылдырууга даяр.