Ысык-Көлдө каза тапкан 23 жаштагы жигит. Дагы 2 милиция кызматкери кармалды
Бостериде 23 жаштагы Талас облусунун тургунунун өлүмүнө байланыштуу дагы эки милиция кызматкери кармалды. Маалыматты СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл ОИИБден тастыкташты.
Маалыматка ылайык, кармалгандар 48 саатка камакка алынды. Бүгүн алардын бөгөт чарасы каралат.
Буга чейин иш боюнча 3 милиция кызматкери кармалган. Аларга кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш иши козголгон. " target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/ysyk-koldo-kaza-tapkan-23-jashtagy-jigit-3-milicziya-kyzmatkeri-karmaldy/">козголгон.