Abank
SerepTV Logo

Ысык-Көлдө казакстандык машыктыруучу көз жумган жол кырсыкка шектүү камакка алынды

Ысык-Көлдө казакстандык машыктыруучу көз жумган жол кырсыкка шектүү камакка алынды
Ысык-Көлдө казакстандык машыктыруучу көз жумган жол кырсыкка шектелип кармалган жаран камакка алынды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ысык-Көл облустук сотунан билдиришти. Маалыматка караганда, шектүү 2 ай Караколдогу СИЗО-23тө камакта болот. 16-июль күнү саат 07:40 чамасында милицияга Булан-Сөгөтү жана Бостери айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө тобу, Бишкек шаарынын 41 жаштагы тургуну Лексус-330 үлгүсүндөгү унааны чыгыштан батышты көздөй айдап бара жатып, Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 97-чакырымында Григорьевка айылынын 40 жаштагы тургунунун башкаруусундагы Ниссан-Микра үлгүсүндөгү унааны каптал жагынан сүзүп, андан кийин жол жээгинде келе жаткан казакстандык велосипедчен 58 жаштагы жаранды сүзгөнү, кырсыктан улам, казахстандык жаран окуя болгон жерден каза тапканы маалым" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/ysyk-koldogy-jol-kyrsykta-kaza-bolgon-kazakstandyk-mashyktyruuchu-jambyl-raionunda-jerge-berilet/">маалым болгон. Кийинчерээк маркумдун жогорку категориядагы машыктыруучу, жеңил атлетика боюнча машыктыруучу Мурат Жузгенбаев экени белгилүү болгон. Анын сөөгү Алматы облусунун Жамбыл районуна караштуу Унгуртас айылында жерге берилери" target="_blank">https://serep.kg/kabarlar/kylmysh-kyrsyktar/ysyk-koldogy-jol-kyrsykta-kaza-bolgon-kazakstandyk-mashyktyruuchu-jambyl-raionunda-jerge-berilet/"> маалымдалган.