Казакстандын жараны Жузгенбаев Мурат Туабаевичтин сөөгү Алматы облусунун Жамбыл районуна караштуу Унгуртас айылында жерге берилет. Бул тууралуу Казакстандын жеңил атлетика федерациясы билдирди.
Ал Ысык-Көл районунун Комсомол жана Бостери айылдарында 16-июль күнү таңкы саат 07:00 чамасында катталган жол кырсыктын кесепетинен каза болгон.
- Милициядан билдиришкендей, саат 07:40 чамасында Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт кызматына телефон аркылуу Булан-Сөгөтү жана Бостери айылдарынын ортосунда жол кырсыгы катталганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге барган тергөө тобу, Бишкек шаарынын 41 жаштагы тургуну Лексус-330 үлгүсүндөгү унааны чыгыштан батышты көздөй айдап бара жатып, Балыкчы-Ананьево-Каракол жолунун 97-чакырымында Григорьевка айылынын 40 жаштагы тургунунун башкаруусундагы Ниссан-Микра үлгүсүндөгү унааны каптал жагынан сүзүп, андан кийин жол жээгинде келе жаткан казакстандык велосипедчен 58 жаштагы жаранды сүзгөн. Жол кырсыктан улам, казахстандык жаран окуя болгон жерден каза тапкан.
Кийинчерээк анын жогорку категориядагы машыктыруучу, жеңил атлетика боюнча машыктыруучу Мурат Жузгенбаев экени белгилүү болду.