Abank_june
SerepTV Logo

Ысык-Көлдө селде калган 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды

Ысык-Көлдө селде калган 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды
Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Бакытбек Жетигеновдун жеке көзөмөлүндө жүргүзүлгөн издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында, 2011-жылы туулган Т.А. аттуу баланын жансыз денеси бүгүн саат 03:00дө сел калдыктарынын арасынан куткаруучулар тарабынан табылды.
 
Маркумдун сөөгү тиешелүү процессуалдык иштерди жүргүзүү үчүн Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди. Издөө-куткаруу иштери тиешелүү кызматтар тарабынан үзгүлтүксүз жүргүзүлүп келген.

5-июнь күнү саат 20:00 чамасында жааган жаандын кесепетинен тоонун боору урап түшүп, сел сууларына кошулуп баткак түрүндөгү ылай (оплывина) Балыкчы-Ананьево-Каракол унаа жолунун 92-чакырымын жана 1 Мерседес Спринтер, 1 Форд Мандео унааларын жана 2 эркек кишини басып калган.