«1-апрелден эмгек акыны көтөрөбүз, бирок миң долларга жеткире албайбыз». Садыр Жапаров себебин түшүндүрдү

«1-апрелден эмгек акыны көтөрөбүз, бирок миң долларга жеткире албайбыз». Бул тууралуу президент Садыр Жапаров соцтармактагы баракчасына жазып, анын себебин түшүндүрдү.

«Эгемендик алгандан бери топтолгон карызыбыз 5 миллиард долларга жакын болуптур. Эми аны кайтаруу мөөнөтү менин президенттик мезгилиме туш келип отурат. Эч маселе жок, толук төлөп беребиз. Төлөп бергенге каржы булактарыбызды жана пландарыбызды дагы аныктап койдук. Динамика көрсөтүп тургандай, ушул жылдан баштап 2026-жылга чейин эң жогорку сумманы – 350 миллион доллар төлөйбүз. Андан кийин төлөм кайра ылдыйлап олтуруп, 2030-жылдар менен төлөп бүтөбүз.

Менин айтайын дегеним, ушул акча каражаттарын эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды көтөрүүгө колдонсок, ар бир мамлекеттик кызматкер жок эле дегенде, миң доллар эмгек акы алып иштеп калмак экен. 1-апрелден баштап эмгек акыларды көтөрөбүз, бирок албетте, миң долларга жеткире албайбыз. Казынабызга жараша максималдуу түрдө көтөргөнгө аракет кылабыз», — деп жазды өлкө башчысы.