«2 айда 2 үй курулуп бүттү. 420 үйдү 420 айда бүтүрөсүңөрбү?». Депутат аткаминерлерди сынга алды

«Баткенде кадр жетишсиз», — деп билдирди депутат Камила Талиева Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында.

Депутаттар 2022-жылы Баткен облусунда болгон окуялардан жабыркаган айрым конуштарды калыбына келтирүү боюнча чараларды талкуулап жатышат. Талиева адегенде Мамкурулуштун жетекчиси Нуртазин Жетыбаевге кайрылып, анын ишин сынга алды.

«Операдивдүүлүк — нөль. Жетекчилерди чакырбайбыз, маалымат сурайбыз, ал да жок. Натыйжаны көрдүңүзбү? 2 айда 2 үй бүткөрүлдү. 420 үйдү 420 айда бүтүрөсүңөрбү? Сөз жок», — деди депутат.

Талиева президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаевди сынга алып, президент Садыр Жапаровдун Лейлек районуна барбаганына капа болду.

«Эмне үчүн Лейлек районуна көңүл бурбайсыңар? Эң көп жабыр тарткан биздин айылдар. Лейлек жетимби? Эл президентти атасындай күтүүдө. Алар жылуу сөздөрдү күтүп жатышты. Эмне үчүн ал жакка барган жок?» — ал сурады.

Тулаевдин айтымында, президент акыркы окуялардан кийин Баткен облусуна эки жолу барган. «Программаны өзү бекитет. Мен ал үчүн жооп бере албайм», — деди ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары.