21 миллион сомдук кенемте боюнча Мадумаров өз пикирин айтты

Каза болгон прокурорго 21 миллион сомдук кенемте төлөнүшү коомчулукта чоң талкууну жаратты. Президент Садыр Жапаров да укук коргоо органдарынын кызматкерлери кызмат өтөө учурунда каза болгон учурда бериле турган компенсациялык төлөм берүү маселесин изилдеп чыгууну тапшырды.

«Мейли электрик болсун, мейли айдоочу болсун, кенемте бардык жерде каралган. Ар кимисинин айлыгы ар кандай. Прокуратура кызматкерлеринин өтө көп болгондуктан кызыгуу жаратып жатат. Өзүнүн түз милдетин аткарып жатканда каза болгон жарандар жана алардын балдары балакатка жеткиче деген Эмгек кодексинде жазылган. Мыйзамды өзгөртүү боюнча 1-2 депутаттан сунуш түшүп жатат. Төмөнкүгө түшүрөбүз деген эмес, эң төмөнкүнү эң жогоркуга жеткиребиз деген аракет болушу керек», — деди Адахан Мадумаров.