50 жыл мурда курулган Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги жол биринчи жолу оңдолууда

Президент Садыр Жапаров кечээ, 1-мартта Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында Балыкчы-Барскоон унаа жолун реконструкциялоо жана «Каракол» эл аралык аэропортун модернизациялоо долбоорлору менен таанышты.

Транспорт жана коммуникация министри Тилек Текебаев ага Балыкчы-Барскоон унаа жолунда аткарылган иштер боюнча маалымдап, ошондой эле белгиленген пландар тууралуу айтып берди — быйылкы жылы жер иштерин бүтүрүү, асфальт-бетон төшөлмөсүн төшөө, тосмолорду орнотуу, көпүрөлөрдү куруу жана башка пландалууда. Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги жолду оңдоо иштери курулгандан баштап, 50 жылдан бери жүргүзүлбөй келгендиктен, жолдун катмарынын бузулушу акыркы чегине жеткен, ошол эле учурда жергиликтүү калктын жашоо сапатын камсыз кылууда автотрассанын мааниси чоң. Мындай ири масштабдагы автожолду реконструкциялоо долбоору 25тен ашык ата мекендик ишканаларды камтыган Кыргызстан жолчулар ассоциациясынын жетекчилиги менен биринчи жолу ишке ашырылууда.