Адахан Мадумаров: «12 жыл мурун Ак үйдүн эшигин аттап чыгып, кайрылып барган жокмун»

Шайланган депутаттар азыр кабинет талашып жатат дейт. Айланайын, эгер максатың кабинет болсо, эл өкүлү болуп жыргатпайсың. Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндө «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Адахан Мадумаров билдирди.

«Мен ошол туптура 12 жыл мурун Ак үйдүн эшигин аттап чыгып кеткем. Ошондон бери бир да жолу аттап өтүп, кирген эмесмин. Кыргыз Жогорку Кеңешинин регламенти бар, ошол менен иш алып барышы керек. Ошондуктан биз 6 кишиби, 16 киши менен кирдикпи маанилүү эмес, сапаты маанилүү», — деди ал.