Адахан Мадумаров: «Кол коюлган протокол элдин эмес, депутаттардын колунда жок»

Кээ бир учурларда мамлекеттик сыр бар дешет. Сыр болбой эле, жөн эле маселе жабык эшик артында каралбаш керек. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров билдирди.

«Канчалык жабык эшик артында болсо, ошончолук ушак таратканга мүмкүнчүлүк жаралат. Кол коюлган протоколдор элде эмес, депутаттардын колунда жок. Биз аны көрө да элекпиз. Колубузга тийе элек. Постторду алуу боюнча тийиштүү мамлекеттик органдар менен жамааттык түрдө келишим менен каралышы керек», — деди ал.