Адахан Мадумаров: «Коопсуздук кызматынын жетекчисинин парламентке эки ящик автомат көтөрүп келгени — жапайычылык»

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча «Кемпир-Абад кетиптир» деген ызы-чуу катуу кетип бара жатат. Бул тууралуу депутат Адахан Мадумаров Жогорку Кеңеште билдирди.

«Өткөндө коопсуздук кызматынын жетекчиси эки ящик автомат көтөрүп, парламенттин ичине кирип келгени — жапайычылык. Бул чектен чыккандык. Ар бир кыймыл-аракетке мыйзамдуулук, укуктук тарабынан баа беришибиз керек», — деди ал.