Бейшемби, 16.04.2026
Бишкек booked.net
+19...+31° C
  • Жарнама
  • Байланыш
 SerepKG
Биз социалдык тармакта
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СПОРТ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
    • СЕРИАЛДАР
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
 SerepKG
No Result
Бардык жыйынтык
Башкы бет КАБАРЛАР САЯСАТ

Президент: «Ноокатта 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Дагы 91 чакырым жолдун оңдоп-түзөө иштери башталат»

11:38 16.04.2026
0
Президент: «Ноокатта 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Дагы 91 чакырым жолдун оңдоп-түзөө иштери башталат»
Президент Садыр Жапаров кечээ, 15-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ноокат районунун тургундары жана активи менен жолугушту. Мамлекет башчысы жолугушууда сөз сүйлөп, заманбап жолдор, сапаттуу билим берүү, жеткиликтүү медицина жана өнүккөн инфраструктура – элдин татыктуу жашоосу үчүн негизги шарттар экенин белгиледи.

“Ноокат районунда акыркы 5 жылда 123 чакырым жолго асфальт басылыптыр. Дагы 91 чакырым жолдун оңдоп-түзөө иштери башталат, анын 39 чакырымы курулуп бүтөт. Ушул жылы Ноокатта спорт комплекси, спорт зал, көркөм өнөр мектеп-интернаты баштаган бир катар социалдык объектилер курулмакчы”, — деди президент. Андан ары мамлекет башчысы саламаттык сактоо тармагына токтолуп, аймактарда бул багытта системалуу иштер жүрүп жатканын белгиледи. “Кадр жетишсиздигин азайтуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, кадыр-баркын сактоо сыяктуу шарттарды түзүүгө басым жасалууда. Көк-Жар айылындагы 100 орундуу жана Жаңы-Базар айылындагы 40 орундуу ооруканалардын курулушу жүрүп жатат”, — деп белгиледи ал.

Президент ошондой эле билим берүү маселелерине токтолуп, тармакты модернизациялоо боюнча көрүлүп жаткан чараларды белгиледи. “Ноокат районунун билим берүүсүндө окуу жылынын башталышы менен жалпы билим берүү мектептеринде эмгектенип жаткан 2743 мугалим ноутбук менен камсыздалды. Мындан тышкары республикалык бюджеттин эсебинен 4 мектеп жана 1 бала бакча курулууда”, — деди президент.

Өзгөчө көңүл ирригациялык инфраструктураны өнүктүрүүгө бурулду. Мамлекет башчысы сугат жерлердин жалпы аянты 16 миң гектарды түзөрүн белгилеп, бул багытта комплекстүү иштер жүрүп жатканын айтты. “Ирригация маселелерин чечүү үчүн Каримберди каналын куруу, Абшир-Сай БДРин куруу, Федоров каналын реабилитациялоо жана башка долборлоор боюнча иштер жүрүп жатат”, — деди президент.

Айыл чарбасын колдоо жөнүндө сөз кылып жатып, ал мамлекет фермерлерге жана айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө каржылык жардам көрсөтүүнү улантып жатканын белгиледи. “Ноокаттын дыйкандары менен фермерлери “Айыл чарбасын каржылоо-14” долбоорунун алкагында 42 млн сом насыя алышыптыр. Ошол эле учурда дыйкандар тарабынан насыянын көлөмүнүн аздыгы көтөрүлүп жаткандыктан, жеңилдетилген каржылоо программасына кошумча каражаттар бөлүндү”, — деди ал.

Андан соң мамлекет башчысы таза суу менен камсыздоо маселесине да токтолуп, бул жааттагы оң динамиканы белгиледи. “Ноокат районунда 99 айылдын 42си таза суу менен камсыздалган. Бүгүнкү күндө калган 57 айылдын 46 айылында таза суу системасын калыбына келтирүү жумуштары башталды. Ал эми Ноокат шаарын таза суу менен камсыздоо долбоору ушул жылы аяктайт. Ошол эле маалда саркынды сууларды чыгаруу долбоорлору башталат”, — деп билдирди ал.

Мамлекет башчысы райондо өнөр жай тармагы да өнүгүп жатканын белгиледи. “Өткөн жылы Ноокат районунда көмүр казуу, энергетика жана шире өндүрүү тармактарында 4 ишкана ачылды. Быйыл дагы 3 ишкананы ишке киргизүү пландалууда”, — деди ал жана бул жергиликтүү бюджетке түшүүлөрдү көбөйтүүгө жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүндүк берерин кошумчалады.

Сөзүнүн аягында мамлекет башчысы райондун мындан аркы өнүгүүсүнө ишеним билдирди. “Эгерде бардык тармактарда системалуу жаңыланууну улантсак, жакынкы жылдары Ноокат Кыргызстандагы өнүккөн, жашоого ыңгайлуу жана туристтер үчүн жагымдуу аймактардын бири болот”, — деп жыйынтыктады ал. Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.
БөлүшүүБөлүшүүTweetЖиберүүБөлүшүүБөлүшүү
СЕРЕП МЕДИА

СЕРЕП МЕДИА

Окшош

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:08 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде төрага Марлен Маматалиев Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын төрагасы Файзали Идизода менен жолугушту. Стамбул шаарында уюштурулган жолугушууда эки...

№21 шайлоо округунан талапкер Чыңгыз Айдарбековдун каттоосу жокко чыгарылды

№21 шайлоо округунан талапкер Чыңгыз Айдарбековдун каттоосу жокко чыгарылды

Автор СЕРЕП МЕДИА
14:51 16.04.2026
0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 16-апрелде №21 көп мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер Айдарбеков Чингиз Азаматовичтин талапкерликтен баш...

Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

Маматалиев Астанадагы негизги көчөлөрдүн бирине Жусуп Абдрахмановдун ысымын ыйгарууну сунуштады

Автор СЕРЕП МЕДИА
09:43 16.04.2026
0

Кечээ, 15-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Стамбул шаарында Казакстандын парламентинин Мажилисинин төрагасы Ерлан Кошанов менен жолугушту. Жолугушууда эки өлкө...

Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

Өзгөн районунда 108 айылдын 51 айылы таза суу менен камсыздалган

Автор СЕРЕП МЕДИА
16:17 15.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Өзгөн районунун тургундары жана активи менен жолукту. Мамлекет башчысы...

Садыр Жапаров: «Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген»

Садыр Жапаров: «Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген»

Автор СЕРЕП МЕДИА
15:55 15.04.2026
0

Президент Садыр Жапаров кечээ, 14-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Кара-Кулжа районунун тургундары жана активи менен жолугушту. Мамлекет башчысы...

Комментарий кошуу Отменить ответ

Сиздин email дарек жашыруун бойдон калат. * - сөзсүз толтурулушу керек

  • Популярдуу
  • Комментарийлер
  • Жаңы
Кыргыз футбол союзу Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди

Кыргыз футбол союзу Камчыбек Ташиевге ыраазычылык билдирди

16:10 15.04.2026
Садыр Жапаров: «Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген»

Садыр Жапаров: "Быйылкы жылы Кара-Кулжада 40 чакырым жолду оңдоп-түзөө мерчемделген"

15:55 15.04.2026
Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

Бишкекте ысык суу эмне үчүн жай мезгилинде эмес, эрте өчүрүлдү? Мэриянын маалыматы

09:52 16.04.2026
№21 шайлоо округунан талапкер Чыңгыз Айдарбековдун каттоосу жокко чыгарылды

№21 шайлоо округунан талапкер Чыңгыз Айдарбековдун каттоосу жокко чыгарылды

14:51 16.04.2026
Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

Президенттин Ошко иш сапары жыйынтыкталды: жарандардын кайрылуулары көз жаздымда калбайт

14:40 16.04.2026
Өзгөндө келин асынып каза болгон окуяны Ош облустук милициянын жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды

Өзгөндө келин асынып каза болгон окуяны Ош облустук милициянын жетекчилиги жеке көзөмөлүнө алды

14:23 16.04.2026

АРХИВ

Апрель 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
27282930  
« Мар    
Посмотреть на карте Бишкека
Найти проезд до СерепТВ , информационный портал

Биздин дарек:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары.

Коёнкөзов көчөсү, 75

Кеӊсе
+996 (770) 88-29-00
info@serep.kg

Реклама бөлүмү
+996 (220) 88-29-29
+996 (222) 88-29-29
reklama@serep.kg

Биз социалдык тармакта

Купуялык саясаты

©2021 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

No Result
Бардык жыйынтык
  • Кирүү
  • Каттоо
  • СерепТВ
    • ЖАҢЫЛЫКТАР
    • КООМ/ТАГДЫР
    • КЫЛМЫШ/КЫРСЫК
    • САЯСИЙ КОКТЕЙЛЬ
    • ШОУ-БИЗНЕС
    • МАДАНИЯТ
    • БийикТикте
    • ЖЫЛДЫЗ ТӨЛГӨ
    • ЖУБАЙЛАР ШОУ
    • ЖЫЛМАЙЫП КОЮӉУЗ
    • СПОРТ
    • АР ТҮРКҮН
    • ЖҮРӨК СЫРЫ
    • ЖЫЛАӉАЧ БААТЫР
    • СЕРИАЛДАР
    • ЭМГЕК ЖАРЧЫСЫ
  • КАБАРЛАР
    • САЯСАТ
    • КООМ
    • МАДАНИЯТ, ШОУ-БИЗНЕС
    • КЫЛМЫШ, КЫРСЫКТАР
    • СПОРТ
    • ТҮРКҮН ДҮЙНӨ
    • КОРЕЙ ТОЛКУНУ
    • ПАЙДАЛУУ КЕӉЕШТЕР
  • Жарнама
  • Байланыш

©2026 СЕРЕП МЕДИА. Бардык укуктар корголгон.

Кош келдиңиз!

Төмөндө сиздин эсебине кирүү

Сыр сөзүңүздү унуттуңузбу? Каттоо

Аккаунт түзүү

Катталуу үчүн төмөнкүлөрдү толтуруӊуз

Баарын толтуруӊуз. Кирүү

Retrieve your password

Please enter your username or email address to reset your password.

Кирүү