Мадумаров Нарматованын кармалышы боюнча: «Азап көрсөтүп жаткандар өзүлөрү ошол азапты көрүшөт»

Депутат Адахан Мадумаров журналисттерге Орозайым Нарматованын кармалышы боюнча өз пикирин билдирди.

«Мунун баары жапайычылык. Жапайычылык деген сөз бул мыйзамыңды да, Баш мыйзамыңды да, адамыңды да тааныбайм, бүгүн менмин, бардыгы менмин. Садыр Жапаров айтпады беле бир жыйында «баарына мен жооп берем» деп. Баардыгы өзү болуп албадыбы. Орозайым Нарматованы дагы, тиги жигитти дагы (ред. Илгиз Шаменов) Москвадан карматып келгени алсыздык, абийирсиздик.

Ар бир нерсе адамдын башына түшөт. Жараткан адилетсиз бирөөгө зыян көрсөтсөң, ошону өз башың менен тартмайын бул дүйнөдөн кетпейсиң. Азап көрсөтүп жаткандар өзүлөрү ошол азапты көрүшөт. Өтө оор кылмышкерди кармап келгендей болуп… Чындык үчүн чыркырагандарды баса калып, улуттун тамырына балта чаап жатат», — деди ал.

29-октябрда экс-депутат Орозайым Нарматова эки айга камакка алынган.