Адахан Мадумаров: «Өз учурунда айтылбаган чындык, жалганга караганда көп зыянын тийгизет»

Өз учурунда айтылбаган чындык, жалганга караганда көбүрөөк зыянын тийгизет. Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндө «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Адахан Мадумаров билдирди.

«Агрессивдүү көпчүлүк азыр билгенин жасай берет. Элдин үнү бул жакта калат, элдин каалоосу башка жакта, 2-3 кишинин каалоосу эки башка. Ушундай болуп келатат. Азыркылар келгенде ураан таштабадыбы «көпчүлүк азчылыкка баш ийиш керек» деп, ошол менен кете берсек, анда көпчүлүктүн үнү угулбай кала берет. Жогорку Кеңештин төрагасынын милдети абдан чоң болот. Анткени бир мандаттуулар да бар, анан 6 саясий партия бар. Менимче эки эле партия бар, бул «Бүтүн Кыргызстан», анан Ак үйдүн кызматкерлеринин партиясы», — деди ал.