Мадумаров: «Президенттен президент начар. Биз ушунчалык төмөнгө түштүк»

Көз жүгүрткөнгө эки нерсе себеп. Биринчиден, жүгүрткөн менен пайда жок, анткени эч кимисин тааныбайсың. Тааныбагандан кийин баа бериштин өзү кыйын. Бул тууралуу «Саясий коктейль» берүүсүндө «Бүтүн Кыргызстан» партиясынан депутаттыкка талапкер Адахан Мадумаров журналисттин «жаңы шайланган депутаттардын сапатына көз жүгүрттүңүзбү?» деген суроосуна жооп берип жатып айтты.

«Белгилүү болгон 7-8 инсан бар. Калгандарын дээрлик тааныбайсың. Ошондуктан сапаты тууралуу айтуу кыйын. Президенттен президент начар, өкмөттөн өкмөт начар, Жогорку Кеңештен Жогорку Кеңеш начар. Улам кийинки келгени мурункуга караганда начар. Биз ушунчалык начардан начарга түштүк. Ушунчалык төмөнгө түштүк», — деди ал.