Адахан Мадумаров: «Садыр Жапаровдун атасы каза болгондо, топурак салган кишимин»

«Мен алардын адамдык сапатын эмес, саясий ишин сындайм. Ошол эле Садыр Жапаровдун өзүнө жана үй-бүлөсүнө кордук көрсөтүлүп жатканда да пикиримди айткам». Бул тууралуу Адахан Мадумаров бүгүн маалымат жыйынында айтты.

«Садыр Жапаровду жек көргөндөй, ал менин күндөшүм эмес. Анын атасы каза болгондо, топурак салып, катышып келген кишимин. Мени бирөө милдеттүү кылган эмес. «Ошол жакка барып көрүнүп калсаңыз, жакшы эмес болуп калат» деп эскерткен бийлик болгон. Мага баары бир, ал менин каалоом. Менин укугум. Мен байланып калган торпок же кой эмесмин», — деди ал.

«Садыр түрмөдөн чыгышы керек» деп айтып койгон үчүн канча киши мени «Жөн эле жүрө бербейсизби, ал көпкө кетти. Эми президенттерге каршы чыгып эмне кыласыз?» дегендер азыр Садырды аралап жүрөт», — деди ал.