«Ак үйдө «крышам» бар дейт». Депутат өлкөдө эки эрке министр бар экенин айтты

«Биздин эки эрке министрибиз бар». Бул тууралуу депутат Жеңишбек Токторбаев “Ата Журт Кыргызстан” фракциясынын жыйынында айтты. 

«Биринчиси — жаратылыш министри Динара Кутманова. Сын айтсаң «Ак үйдө «крышам» бар дейт. Экинчиси — Тилек Текебаев. Ооруп атат деген бул… Мен деле ооруп жатам. Ооруп жаткан депутаттар деле келди го. Депутаттарды кичине сыйлап койгула, биз деле душман эмеспиз»,- деди депутат.