Акаев, Бакиев, Отунбаева, Атамбаев, Жээнбеков, Жапаров кайсы жерде жолугушту?

«Жолугушууга Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков катышты. Жолугушуу белгилүү себептерден улам нейтралдуу жерде өттү». Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров мурдагы президенттердин башын бириктирип, бир столго чогултканын жарыялады.