АКШда иш сапарында жүргөн Акылбек Жапаров “Биз кызматташуунун жаңы деңгээлине даярбыз, ири долбоорлорго өтүүгө убакыт келди” деди

Дүйнөлүк банк менен Эл аралык валюта фондунун Жазгы жолугушууларынын алкагында (Вашингтон, Америка Кошмо Штаттары) Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк тобунун Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани менен жолукту.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар энергетика, адам ресурстары, ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ирригация сыяктуу өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулашты жана 2027-жылга чейин Дүйнөлүк банк менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы кызматташуунун негизги багыттары боюнча бирдиктүү пикирге келишти.

Акылбек Жапаров белгилегендей, Кыргыз Республикасы ар кандай тышкы таасирлерге карабастан, экономикалык өсүүнү сактап кала алды жана масштабдуу өнүгүүнүн милдеттерин чече алды. “Биз кызматташуунун жаңы деңгээлине даярбыз, ири долбоорлорго өтүүгө убакыт келди”, — деди Министрлер кабинетинин төрагасы. Жыйындын соңунда ал тышкы карызды жашыл жана климаттык демилгелерге айландыруу механизмин иштеп чыгууну сунуштады.

Өз кезегинде Дүйнөлүк банктын вице-президенти киргизилген демилгенин маанилүүлүгүн жана масштабын белгилеп, аны кылдаттык менен изилдөөгө даяр экендигин билдирди.