Акылбек Жапаров Айыл чарба министрлигинин ишин сынга алып, сентябрга чейин убакыт берди

«Дээрлик бардык тармактарда артта калып жатабыз. Кайсы жерде болбосун, бардык жерде: балык уулоо, сүт азыктары, мал чарбачылыгы, минералдык жер семирткичтерде, үрөндөрдө кемчилик бар. Агрардык өлкө катары бизде чоң мүмкүнчүлүктөр бар. Өткөн жылы эле айыл чарбасын каржылоого 26 миллиард сом бөлүнсө, быйыл 20 миллиард сом каралган. Бирок азырынча ишиңиздердин реалдуу жыйынтыгын көрө элекпиз. Өткөн жылы жакшы темп алып, бирок быйыл иш солгундай баштады». Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин жетекчилиги менен жолугушууда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал «министрликтин ишин толугу менен карап чыгуу керек» деп белгиледи. Министрлер кабинетинин башчысы Орусия тарабынан айыл чарба продукциясын экспорттоого киргизилген чектөөлөрдү алып салуу боюнча министрликтин ишин сынга алды. «Эмне үчүн мындай абалга жол бердиңиз, лабораториялар эмне кылып жатышат. Аларды тиешелүү реактивдер менен камсыз кылуу, заманбап технологиялар менен жабдуу зарыл, сиздерде финансылык мүмкүнчүлүктөр бар. Үй-бүлөсүн баккан дыйкандар кыйналып жатканын түшүнөсүңөрбү?» — деди Акылбек Жапаров.

Андан соң Министрлер кабинетинин башчысы ирригация маселелерине токтолуп: «Мурда министрлик иштин натыйжасы жоктугунун бирден-бир себебин каржылык ресурстардын жетишсиздиги деп атаса, азыр бул көйгөй жок, бирок иш кандай турса, ошол бойдон турат. Кыймылдагыла, азыр убакыт бизге каршы иштеп жатат. Ирригациялык системаларды тазалоочу техникалар качан келет, эмне үчүн келишим түзүлө элек, качан ОЧК-2 курулушу башталат», — деп суроо салды.

Өз кезегинде Суу чарба кызматынын директору Алмаз Сокеев тазалоочу жабдууларды сатып алуу боюнча келишимге 2 айдын ичинде кол коюларын, аны алып келүү үчүн да ушунча убакыт талап кылынарын белгиледи. «ОЧК-2 боюнча бул маселе жакынкы арада келе турган казак делегациясы менен жолугушуунун жыйынтыгында чечилет», — деп жооп берди ал.

Жыйындын жыйынтыгында Министрлер кабинетинин башчысы бир катар тапшырмаларды берип, «министрликтин ишмердүүлүгүнө сентябрь айында тиешелүү баа берилерин» белгиледи. «Сиздерге министрликтин ишин оңдоп, жолго коюуга акыркы мүмкүнчүлүк берилип жатат, бирок сентябрда сезилерлик жыйынтыктарды көрбөсөк, ведомствого караштуу мекемелердин бардык жетекчилери, министрдин орун басарларына чейин ээлеген кызматтарынан бошотулат», — деди ал.