Акылбек Жапаров: «Асман» шаары президенттин кыялы»

«Биз шаарларды басып алып жүргөн элбиз». Бул тууралуу маалымат жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«Анан Советтер союзунун тушунда эле шаарга көнүмүш болуп келе жатабыз. Асман бул — кыял. Мен ойлойм президентибиздин кыялы ишке ашат деп. Учурда генералдык пландын үстүнөн иштеп жатабыз. Суу, электр энергия менен камсыздоонун булагын издеп жатабыз», — деди ал.