Акылбек Жапаров аткаминерлерге: «Баарыңарды карап турабыз»

«Мага маалымат жума сайын келип турат». Бул тууралуу өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча президенттин администрациясынын коллегиясынын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«ИИМден, УКМКдан келип турат. Эсеп палатасы бар. Баарыңарды карап турабыз. Кыргызстанда канча Айфон болсо, ошонун баары сиздерди карап жатат. Жүрүм-турумуңарды, маданиятыңарды… Көрүнгөн жакка сүзүп жүрө бербеш керек. Ар биринин жумуштагы планы болушу керек», — деди ал.