Акылбек Жапаров: «Баткенде мал-жаны жоголуп, уурдалгандардын тизмеси такталсын»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусун калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын жыйынын өткөрдү.

“Айрыкча ишкерлерге компенсация берүү жагын карап чыгалы. Чындыгында ишкерлер эле эмес, мал-жанынан айрылган эл деле эмне менен оокат кылабыз деп жатышат. Бул туура маселе. Үй эмеректери күйдү, мал-жаны өлдү, жоголду, уурдалды. Тизмелер такталсын. Зыянды компенсациялоонун тартиби боюнча Жобо иштелип чыксын. Жабыр тарткан жарандарга финансылык каражаттарды кыска мөөнөттө төлөөнү жүргүзүүнү баштаңыздар”, — деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Акылбек Жапаров тиешелүү мамлекеттик ведомстволорго кыргыз-кытай, кыргыз-өзбек бизнес форумдарын Баткен облусунда өткөрүү үчүн сунуштарды иштеп чыгууну тапшырып, Баткен экономиканын кайнаган жерине айланышы керек экенин айтты.

“Эки жылда Баткен жергеси эки жолу чек ара маселесинен жабыр тартты. Бирок ага карабастан, биз эки жолу калыбына келтирип жатабыз. Тынчтык эле болсунчу. Президент Садыр Жапаров Баткенге жардам берүүдөн тажабайт жана анын гүлдөп өсүп өнүгүүсүнө болгон күчтү жумшоону баарыбыздан талап кылат.  Биз аны кынтыксыз аткарууга милдеттүүбүз”, — деп билдирди Акылбек Жапаров.

Баткен жергесинде абал кыйын экенин айткан Министрлер кабинетинин төрагасы мамлекеттин казынасы толуп турбаса, Баткенди калыбына келтирүүгө каражат табуу кыйын болорун, ошол себептүү ККМ менен иштөөнү токтотпостон көзөмөл күчөтүлүүсүн кошумчалады.