Акылбек Жапаров “Бишкек” эркин экономикалык аймагына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Бишкек” эркин экономикалык аймагындагы өндүрүш ишканаларынын иши менен таанышты.

Анда ал КМШ өлкөлөрүнө Европада жана Жакынкы Чыгышта фотоэлектрдик күн модулдарын өндүрүү жана жеткирүү, күн энергетикасы жаатында инновациялык долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу менен иштеген “New-Tek LLC” кыргыз-герман компаниясында болду. Ошондой эле, фармацевтикалык заводдун ачылышына катышты, ал ишке киргизилгенден кийин жүрөк-кан тамыр, эндокринологиялык, ичеги-карын жана жугуштуу оорулар, сийдик бөлүп чыгаруу системасынын оорулары сыяктуу медициналык көрсөткүчтөр үчүн фармацевтиканын 10 түрүн чыгарууну камсыз кылууга даяр.