Акылбек Жапаров Чүй облусунда эки заводдун курулушуна капсула салды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ысык-Ата районунун Кант шаарында “Кант ТШИ”  (труба-шифер ишканасы) заводунун жаңы линиясынын имаратынын жана Ысык-Ата районунун Ивановка айылында “Асыл-Таш” керамика” заводунун имаратынын пайдубалына капсула салууга катышты.

“Кант ТШИ” заводунун кеңейишине катышкан Акылбек Жапаров Кыргызстан сырьёлук базага — кум, шагыл, топурак, гипс, мрамор, гранит жана башка курулушка керектүү байлыктарга ээ экенин айтып, жакынкы жылдарда өлкөдө ири курулуштар жүрөөрүн, заводдон чыкчу продукциялар өзүбүз үчүн абдан зарыл болоорун жана “Кант ТШИ” заводун модернизациялоого, кеңейтүүгө Министрлер Кабинети кызыкдар экенин белгиледи.

“Кант ТШИ” заводунун жаңы линиясы автоклавдык газ бетон өндүрөт. Долбоордун жалпы суммасы 12,1 миллион долларды түзсө, анын 8,5 миллион долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат. Муну менен кошумча 120 жумуш орду ачылат жана  өлкөгө жылына салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн 100 миллион сомдон ашуун киреше түшөт.

Акылбек Жапаров ошондой эле “Асыл таш” керамика” заводунун курулушуна капсула салып жатып, 7 миллиондон ашкан өлкө калкынын 60 пайызын жаштар түзөөрүн, мына ошол жаштарга ушундай завод-фабрикаларды ачуу менен жумуш орундарын түзүү, экономика түзүүчү ишканаларды ачуу, колдоо жана өнүктүрүү мамлекеттин башкы артыкчылыгы болуп жатканын белгиледи.

“Асыл-Таш” керамика” заводу карапа такта жана керамогранит өндүрөт. Завод ишке киргенден тартып 300гө жакын адам жумуш оруну менен камсыз болот. Бул долбоордун жалпы суммасы 34,6 миллион долларды түзсө, анын 25 миллион долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат.