Акылбек Жапаров: «ЕАЭБдин ичинде эмгек акыны жогорулатуу боюнча алдыңкы орунга чыктык»

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарын өнүктүрүү долбоору менен таанышты.

«Туура жүргүзүлгөн мамлекеттик саясат аркылуу 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча биз Евразия экономикалык биримдик өлкөлөрүнүн арасында эмгек акыны жогорулатуу, салыктарды чогултуу жана ИДПнын көлөмү боюнча алдыңкы орунга чыктык. Быйыл өлкө экономикасына 20 миллиард сомдон 50 миллиард сомго чейин каражат салууну пландап жатабыз. Эгерде сиздерде адамдарга ыңгайлуу жашоо шарттарын түзүү жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө жардам бере турган реалдуу долбоорлор болсо, биз мындай долбоорлорду ишке ашырууга каржылык колдоо көрсөтүүгө даярбыз. Бишкек жана Ош шаарлары «акыркы вагондо» отурбашы керек. Алар өз аймактарын өнүктүрүүдө кыймылдаткыч күч болушу керек”, — деди ал.