Акылбек Жапаров ЖККУнун кезексиз жыйынында Казакстанда кармалган Кыргыз жарандары тууралуу сөз сүйлөдү

Бүгүн, 10-январда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин онлайн режиминде өткөн кезексиз жыйынында сөз сүйлөдү.

“Учурдагы мамлекет ичиндеги процесстерди пайдаланып, деструктивдүү элементтер мамлекеттүүлүктү, коопсуздукту жана аймактык бүтүндүктү бузуу үчүн террордук аракеттерин бириктирип, ошол эле учурда башаламандыктын, өзүм билемдиктин жана кылмыштуулуктун кеңири жайылган атмосферасын түзүүдө. Ушул өңүттө, казак тараптын ЖККУнун жамааттык коопсуздук тутумунун механизмдерин азыркы шартта активдештирүү демилгеси, албетте, ЖККУга мүчө-мамлекеттердин коопсуздукка карата чакырыктар жана коркунучтар боюнча көз караштарынын биримдигин ырастайт. Топтолгон потенциалды эске алуу менен уюмду түзүүнүн жана ишинин фундаменталдуу принциптери, анын тышкы саясий жана аскердик компоненттери бардык гибриддик көрүнүштөрдөгү кризистик кырдаалдарга өз убагында жооп кайтарууга мүмкүндүк берет. Ошону менен бирге бүгүнкү күндө Казакстандагы кырдаалды толук турукташтыруу негизги артыкчылык болуп калууда.

Алгачкы күндөрдөн тартып биз боордош Казакстандагы окуяларга тынчсыздануу менен көз салуудабыз. Биз терроризмге анын бардык түрлөрүнө жана көрүнүштөрүнө каршыбыз. Биз Казакстанда кырдаалдын тезирээк нормалдашуусуна, тынчтык менен тартиптин орношуна чын жүрөктөн кызыкдарбыз. Бүгүнкү күндө өз ара алгылыктуу чечимди табуу жана абалдын мындан ары курчушуна жол бербөө болуп көрбөгөндөй маанилүү.

Туруксуздук жана зордук-зомбулуктун күчөшү Казакстандын өзүндө да социалдык-экономикалык абалдын начарлашына алып келиши мүмкүн жана баарыбызга терс таасирин тийгизет. Ушундан улам биз аймактагы социалдык-экономикалык өнүгүү жана стабилдүүлүктү сактоо үчүн жүргүнчүлөрдүн жана жүктөрдүн тоскоолдуксуз өтүүсү үчүн бардык шарттарды камсыз кылуу өзгөчө маанилүү деп эсептейбиз. Аймактын туруктуу экономикалык өнүгүүсүн сактоо, ишкерлерге, бизнеске жана банктар аралык мамилелерге жагымдуу шарттарды сактоо боюнча зарыл чараларды көрүү маанилүү. Келип жаткан маалыматтарга караганда, көп сандагы ок атуучу куралдар кылмыштуу чөйрөлөрдүн колуна түшкөн. Тоноочулукка жана мыкаачылыкка катышкан кылмышкерлердин биздин мамлекеттик чек аралардан өтүп кетүү коркунучу бар. Ушуга байланыштуу Казакстандагы азыркы кырдаал бизди Казакстандагы стабилдүүлүктү калыбына келтирүү жана өлкөнүн аскердик, административдик жана социалдык объектилерине кол салуулардын алдын алуу үчүн биргелешкен аракеттерди көрүүгө милдеттендирет.

Бүткүл кыргыз эли бул оор күндөрдө казак боордошторуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, кырдаалдын тезирээк элдин жыргалчылыгы үчүн жөнгө салынышын чын жүрөктөн каалайт. Ошону менен бирге, акыркы убакта жалпыга маалымдоо каражаттарында жана социалдык тармактарда чет элдик жарандар, анын ичинде Кыргызстандын жарандары тууралуу, алардын талап-тоноолорго жана массалык башаламандыктарга катышкандыгы тууралуу маалыматтар тарап жатканын белгилегим келет. Буга байланыштуу ар бир тастыкталган факты боюнча Казакстандын мыйзамдарынын алкагында, биздин эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларыбызга ылайык ачык, так, адилеттүү иликтөө болот деп үмүттөнөм”, — деди Акылбек Жапаров.