Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Нур-Султан шаарына кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нур-Султан шаарына жумушчу сапары менен жөнөп кетти. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушуулардын өткөрүлүшү, экономикалык, күч жана маданий  түзүм объектилерин кыдырып чыгуусу пландаштырылууда.