Акылбек Жапаров: «Кээде КСДП бийликке келгенине өкүнөм»

“Мен кээде КСДПнын бийликке келгенине өкүнөм”, — деди 25-апрелдеги тегерек столдо Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров. Анын айтымында, андан бери экономикада жылыш болгон жок. «Жалпысынан киши башына 303 доллар кошулду» деди ал.

«1,5-2 жылдын ичинде 400 доллар коштук. Бүгүнкү күндө 1607 доллар киши башына ИДПга туура келет. Бул бизге келечекти карап чыгууга жана өлкөдө стабилдүүлүк сакталып калса, аны 2000 долларга чейин жеткирүүгө мүмкүндүк берет. Быйыл биринчи жолу 520 миллион доллардан ашык тышкы карызды төлөйбүз», — деди Акылбек Жапаров.