Акылбек Жапаров Кыргыз жарандары үчүн Европа өлкөлөрүнө виза алууну жеңилдетүү жана ишке орношуу маселесин сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Мэрилин Йосефсон менен жолугушту.

«Биз региондун өлкөлөрү жана Европа Биримдиги менен энергетикага тикелей инвестиция тартуу, ГЭСтерди куруу жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын өнүктүрүү жаатында кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдарбыз», — деди Акылбек Жапаров.

Ал ошондой эле Кыргыз жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүү жана Европа Биримдигинин өлкөлөрүндө ишке орношуу маселелерине токтолду.

Элчи Мэрилин Йосефсон өз кезегинде эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөгө жана мындан ары өнүктүрүүгө даярдыгын билдирди. Ал жашыл экономиканы жана санариптештирүүнү өнүктүрүүгө багытталган демилгелерди ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи.